• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Көп улуттуу Чүй өрөөнү Сооронбай Жээнбековду колдойт!

Шайлоо 2017 0


Бишкек, 09.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков үгүт кампаниясын Чүй облусунун Ысык-Ата жана Сокулук райондорунда улантты.

Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларды өлкөнү өнүктүрүү туурасында жөнөкөй жана реалдуу тезистер тизмектелген өзүнүн «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок» аттуу программасы менен тааныштырып, кыска убакыт ичинде олуттуу жетишкендиктер болгондугун белгиледи.

«Кыргызстандын келечеги – Евразия экономикалык биримдигинин курамында! Биз булл уюмга киргени биз өз жемишин бере баштады. Россиядагы эмгек мигранттарыбыз жергиликтүү жарандар менен бирдей укуктарга ээ болуп, шык-жөндөмүнө жана билим деңгээлине жараша жакшы айлык төлөнгөн кызматтарга орношууга мүмкүнчүлүктөр жаралды. Андан тышкары, мигранттарыбыз ЕАЭБ жарандарынын деңгээлинде пенсия ала турган болушту. Бул жетишилген макулдашуулар 2018-жылдан тартып күчүнө кирсин деп аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары, экономикабызды Евразия биримдигине интеграциялоо боюнча олуттуу иштер аткарылууда. Экспорт үчүн инфраструктура даяр болду – фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл тутумун эл аралык стандарттарга шайкеш келтирдик, чек аралардагы лабораториялар менен өткөрмө пункттары жаңыртылды. Казакстанмененчектешжердегифитосанитардыккөзөмөлалыныпсалынды», - деп баса белгиледиСооронбайЖээнбеков.

Ал Кыргызстандын Конституциясында белгиленген орус тилинин расмий макамын сактап кала тургандыгын белгиледи. «Россия буга чейин эле биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп келген жана мындан ары да боло берет. Кайсы улуттан экендигине карабастан, ар бир кыргызстандык үчүн жашоого жана иштөөгө бирдей шарттар түзүлөт. Биздин биримдигибиз – күчтүү Кыргызстан!», - деп сөзүн жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 09.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий