• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токиодогу Олимпиадага катышкан Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрү Бишкекке келди

Спорт 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Кечээ, 12-августта «Манас» эл аралык аэропортуна Олимпиадалык курама команданын акыркы тобу Токио шаарынан учуп келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурланбек Исмаилов, жеңил атлетика боюнча өлкө намысын коргоп келген жөө күлүк Дарья Маслова, башкы машыктыруучусу Татьяна Борисова, эркин күрөш боюнча балбандар Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, башкы машыктыруучу Таабалды уулу Сүймөнкул жана улук машыктыруучу Русланбек Маджиновдор келишкен.

Ошондой эле Олимпиадалык курамдын башкы дарыгери Бактыгүл Алишева, массажист Константин Еремич да келди.

Белгилей кетсек, XXXII жайкы Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталды. Кыргызстан 2 күмүш, 1 коло медаль менен 206 өлкөнүн арасынан тизмеде 70-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий