• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дене тарбия департаментинин директору FIFA`нын өкүлдөрү менен жолукту

Спорт 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов ФИФАнын аймактык ассоциацияларды өнүктүрүү боюнча менеджери Андрей Вашкевич жана балдардын коопсуздугу боюнча кеңешчиси Норман Брукс менен жолукту.

Департаменттен билдиришкендей, ошондой эле жолугушууна Кыргыз футбол союзунун техникалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Асанбеков жана балдардын коопсуздугу боюнча кеңешчиси Эльвира Абдыраманова дагы катышты.

Жолугуушунун жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү футбол инфраструктурасын жакшыртуу жана ата мекендик өспүрүмдөр жана жаштар арасында спортту өнүктүрүү маселелерине токтолду.

Айбек Абдымомунов өз сөзүндө кызматташтыкты жана спорттук уюмдардын ортосундагы өз ара мамилени чыңдоого, тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин айтып, спорттогу карым-катнаш мындан ары да уланаарын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда ФИФАнын өкүлдөрү мындан ары да Кыргызстанда футболдун өнүгүүсү үчүн көмөк көргөзүүнү уланта берерин жана кызматашууну колдой тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий