• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто ооруга чалдыккан дарактардын ордуна 2 миң түп жаңы көчөт отургузулат

Аймак 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Ош шаарындагы ооруга чалдыккан бак-дарактарды алуу жана анын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча коомдук угуу өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Коомдук угууда, алгач Курманжан датка көчөсүндөгү ооруга чалдыккан бак-дарактардын учурдагы абалы, шаардын микроклиматын жакшыртууга багытталган демилге тууралуу маалыматтар берилип, катышуучулардын коомдук угууга чыгарылган демилге боюнча ой-пикирлери, сунуштары угулуп, адистерге бир катар суроолор берилди.

Угууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, ОшМУнун доценти, геоэкология боюнча адис Абдижапар Аккулов, шаардык кеңештин депутаттары, "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, эколог-агрономдор, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.

Демилгеге ылайык, Курманжан-Датка көчөсүнүн А.Навои көчөсүнөн Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейинки аралыктагы 560 түп ылаңдаган бак-дарактар лабораториялык анализден өткөрүлгөн соң алынып, алардын ордуна 700 түп клён көчөттөрү отургузулат.

Мындан тышкары, Курманжан-Датка көчөсүнүн Р.Абдыкадыров көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки аралыкка 1200 түп заманбап бак-дарактардын көчөттөрү отургузулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий