• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга бир күндө 700 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Бишкекте бир күндө көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 700 миң сом айып салынды.

Муниципалдык инспекция күн сайын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо жана таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоо фактысы боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүп келет. Анын жыйынтыгында 11-мартка карата жалпы суммасы 700 миң сомду түзгөн 59 протокол түзүлгөн.

Бардык тартип бузгандарга таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргытпоо, унааларды жашыл аянтка токтотуу жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий