• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Свердлов районунда салттуу айыл чарба жарманкелери өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда салттуу айыл чарба жарманкелери өтүүдө, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Жарманкелерди Чүй облусунун бардык райондорунун өндүрүүчүлөрү ортомчуларсыз, өз продукцияларын алгылыктуу баада сатышат. Жарманкеге келген конокторду жашылча-жемиштердин, балдын, сүт жана эт азыктарынын күзгү түрлөрү күтөт.



Айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларын сатуу боюнча жарманке ар ишемби жана жекшемби күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Т.Айтматов жана Токтогулов көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий