• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 300 айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда 16-октябрдан 22-октябрга чейин аралыкта 19 миң 985 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 283;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 300;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 34;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1427;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2942;
- авто ээнбаштык – 3;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4606;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10389;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 мин 552 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий