• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тармактык комитеттин төрагасы Кыргызстандын РФдагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигине барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдиргендей, дипломаттар менен жолугушуп, кыргызстандыктарга көрсөтүлүп жаткан кызматтар жана колдоолор боюнча пикир алмашты.

“Өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргоо менен мамлекеттер аралык байланышты бекемдөө элчиликтин негизги максаты. Андан тышкары, мекендештерибизге жардам берип, алардын мыйзамдуу укуктарынын сакталышына көмөк көрсөтүү да башкы милдеттеринин бири. Андыктан элчилик аталган багыттарда жигердүү иш алып барышы керек”, – деди комитет төрагасы Улан Примов.

Ошондой эле элчиликтин кызматкерлеринин сунуш-пикирлерин угуп, миграциялык саясатка байланышкан жагдайлар боюнча маалымат алды.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев да катышты.

Пикир

Оставить комментарий