• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

7-февралга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкөдө 7-февралга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, кечке жакын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12 градус, Талас облусунда +5...+10, Ысык-Көл облусунда 0...+5, Нарын облусунда -2...-7 градус болот.

Бишкекте абанын температурасы +10...+12 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий