• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада Кыргызстан менен Россиянын парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо маселеси талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Джабаров менен жолугушту.

ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдиргендей, тараптардын жолугушуусу 6-февралда Москвада өттү. Анда эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланып, байланыштарды мындан ары да кеңейтүү маселелери көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов мамлекеттер аралык алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин белгиледи.

“Биз эки тараптуу байланыштардан тышкары ЖККУ ПА, КМШ ПАА өңдүү эл аралык аянтчаларда жигердүү кызматташып келебиз. Ошондой эле, тармактык комитеттер алкагында да биргелешкен иш-чаралар өтүүдө. Бул өнөктөштүк өлкөлөрүбүз ортосундагы байланыштарды чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ”, – деди ал.

Муну менен катар “Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөр өтө чоң. Ага ылайык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздук тармактарындагы салтка айланган өнөктөштүктү дагы өнүктүрүүбүз кажет”, – деди Улан Примов.

Мындан сырткары эмгек мигранттарынын шарт-жагдайын жакшыртуу максатындагы сунуштары менен бөлүштү.

Ал эми Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Джабаров былтыр Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине төрагалык кылган Кыргызстанда көптөгөн иш-чаралар ийгиликтүү өткөнүн эске салып, мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындары жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган конференция тууралуу кеп кылды.

Андан тышкары, билим берүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорго токтолуп, бул багыттагы келишимдердин ийгиликтүү ишке ашуусун көзөмөлдөө маселесин көтөрдү.

Ошондой эле тараптар парламенттеги тармактык комитеттердин биргелешкен отурумдарын өткөрүү боюнча макулдашты.

Кошумчалай кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев катышты.

Пикир

Оставить комментарий