• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламент Догоевдин ордуна сунушталган Талант Имановдун талапкерлигине макулдук берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Талант Имановдун талапкерлиги каралды.

Сунушталган талапкерди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Имановдун талапкерлиги үчүн 53 депутат макул, үчөө каржы добуш берди.

Талкуу соңунда санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Иманов Талант Орускуловичтин талапкерлигине макулдук берүү тууралуу токтом долбоору кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган министрликти Дастан Догоев жетектеп келген.

Пикир

Оставить комментарий