• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖК төрагасынын орун басары Исаева Европарламенттин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин теңтөрагасы Томас Здеховски баштаган Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланышты бекемдөө маселелери талкууланды.

Жамиля Исаева мындай жолугушуулар эки тараптуу алакаларды арттырууга өбөлгө түзөрүн белгилеп:

“Европа Биримдиги Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келе жаткан ишенимдүү өнөктөшүбүз. Биз Европа Биримдигинин демократиялык реформаларды жүргүзүү аракетибиздеги колдоосун өзгөчө жогору баалайбыз. Биз демократиялык процесстерди чыңдоодо, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөдө жана адам укуктарын коргоодо олуттуу ийгиликтерге жетишкенибиз менен сыймыктанабыз», - деген Джамиля Исаева эки тараптуу кызматташтык бардык деңгээлде жигердүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

Муну менен катар төраганын орун басары “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин бүгүнкү жыйынынын маанилүүлүгүнө токтолуп, анын жүрүшүндө эки тараптуу байланыштын көптөгөн аспектилери боюнча пикир алмашуу болгонун белгиледи.

Өз кезегинде, “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин теңтөрагасы Томас Здеховски иш сапарынын негизги максаты тууралуу сөз кылып, Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды чыңдоого өзгөчө басым жасады.

Пикир

Оставить комментарий