• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен районунда логистикалык борбор курулат

Аймак 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Баткен районундагы Ак-Татыр айылында жалпы аянты 0,5 гектарды түзгөн логистикалык борбор курулат. Бүгүнкү күндө керектүү жабдыктар алынып, курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Борбордун курулушуна 22 млн сом каралган. Каражат облусту өнүктүрүү программасынын алкагында район үчүн бөлүнгөн 125 млн сомдун эсебинен бөлүнгөн.

Логистикалык борбордун курулушу менен 500 тоннага жакын продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт.

Райондук администрациядан курулуш иштери качар бүтөрүн ачыкташкан жок.

Борбордун курулушу регионго ири инвестицияларды тартууга, жаңы ишканалардын ачылышына жана жумушчу орундардын түзүлүшүнө шарт түзөт. Ошондой эле жергиликтүү ишкердиктин өнүгүшүнө чоң салым кошоору күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий