• 88.68
  • 95
  • 0.95

СӨП: Минкабдын "Дастан" заводун жана "Евразия сактык банкын" өткөрүп берүү чечими макулдашуу баскычында турат

Коом 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин "Дастан" заводун жана Евразия сактык банкын" КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүп берүү чечими макулдашуу стадиясында турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Жумамүдүн Жумалиев билдирди.

"Азыркы учурда алар Санариптик өнүктүрүү министрлигинин балансында. Жакын арада өткөрүп берүүнү пландап жатабыз", - деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин "Кыргызтелеком", "Дастан", "Евразия сактык банкы" ААК жана Альфа Телеком" ЖАК КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинен Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилген.

Кийин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде СӨП башчысы Нурия Кутнаева "Дастан" зводу жана "Евразия сактык банкы" кайрадан Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилерин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий