• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жоолук күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди. Иш-чара калаадагы мейманканалардын биринде өтүп, ар кандай сынактар жана мастер-класстар менен коштолду.

"Жоолук күнү Кыргызстанда 2016-жылдан бери белгилени келет. 5 жыл ичинде биз иш-чараны колдогон өлкө боюнча миңдеген аялдарды чогулта алдык", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2014-жылдан бери 1-февраль Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленип баштаган. Бул күндү белгилөө идеясын Нью-Йорктун тургуну Назма Хан сунуштап, жоолук салынбаган дос, тааныштарын 1 күн аны салынып көрүүгө чакырган.

Ал эми "Умма" журналы бир катар уюмдар менен биргелешип, Кыргызстанда жоолук күнүн 2016-жылдан бери уюштуруп келет.

Пикир

Оставить комментарий