• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИМ согушкерлери Сирия жана Ирактан Афганистанга жер которушууда – ЖККУ

Дүйнө 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. “Ислам мамлекети” террористтик тобунун согушкерлери Сирия жана Ирактан чыгып, Афганистанга жер которушууда. Бул тууралуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөргө коркунуч жаратат",-деп билдирди ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков.

“Бүгүн “Ислам мамлекети” тобунун Сирия жана Ирактагы аман калган согушкерлери Афганистанга агылып киришти, алар акырындык менен ЖККУ өлкөлөрүнүн аймагында жайылуу үчүн бул өлкөнү согуштук-стратегиялык операцияларды даярдоочу жерге айландырышы мүмкүн”,-деди Семериков эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясында сүйлөгөн сөзүндө.

Анын айтымында, өлкөдөгү абал “Талибан” кыймылынын баңги зат айландыруу, ар түрдүү диний жана этникалык топтордун карама-каршы турушунун улантуусу сыяктуу аракеттери менен тереңдеп бара жатат.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий