• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иран улуттук валютасынын аталышын өзгөртөт

Дүйнө 0

Бишкек, 06.05.20 /Кабар/. Иран парламенти өлкөнүн акча бирдигин ирилетүү жана улуттук валютанын аталышын өзгөртүү тууралуу өкмөттүн сунушун колдоду. Ага ылайык, риалдан 4 нөлү алынып, аталышы томан деп өзгөртүлөт. 1 томан 10 миң риалга барабар болот.

Маалыматтарга караганда, мындай чара америкалык санкциялардан жана пандемиядан улам пайда болгон гиперинфляцияга каршы көрүлүүдө.

1925-жылдан бери Ирандын улуттук валютасы болуп келаткан риал акыркы айларда 60% арзандаган. Мыйзам долбоорун эми конституциялык көзөмөл органы ратификациялашы керек. Мамлекеттик телеканал билдиргендей, Ирандын борбордук банкы 2 жылдын ичинде томанга өтүү планын иштеп чыгууга тийиш. 4-майда расмий эмес базарда АКШнын бир доллары 156 миң риалга сатылып жаткан.

Томан XIX кылымдын башында Ирандын негизги валютасы, риал майда эсептешүү бирдиги болгон. 1932-жылы Пехлеви шахтын акча реформасынан кийин риал өлкөдөгү негизги төлөм каражатына айланган.

Пикир

Оставить комментарий