• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кайсы гүл кандай касиетке ээ билесизби?

Дүр дүйнө 0

Учурда көпчүлүк үй кожойкелери бөлмө өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн өстүрүшөт. Бирок, кайсы гүлдүн кандай касиети жана пайдасы бар экендигин ар ким эле биле бербейт. Андыктан, бул жолу Сиздерге бөлмө гүлдөрүнүн айрымдарынын сырларын ачып берүүнү ылайык көрдүк.

Герань

Айылда болобу же шаар жериндеби үйлөрдүн терезелеринде герань гүлү көп байкалат. Бул гүлдүн өзүнө таандык касиеттери анын ар бир үйдө болушуна түрткү берет. Бирок, ошол белгилер тууралуу бардык эле кожойкенин кабары жок. Герань астрологдордун ырастоолорунда, терс энергетикадан, уруш жана ушактардан коргойт. Бул өсүмдүк тынчытуучу жана стресске каршы касиеттерге ээ. Адамдарды боорукер, жумшак жана чыдамкай кылып, каржылык туруктуулукту сактайт.

Герандын жыты дперессияны жеңилдетип, нерв системасын чыңдайт. Анын жалбырактарын чымын жана башка курт-кумурскалар жакшы көрбөйт. Бул өсүмдүктү баш ооруларда, сасык тумоодо, абаны тазалоо жана бактерияларды жок кылууда колдонушат. Мындан тышкары, ооруган жерге койгон герань жалбырагы отит, радикулит, тиш ооруларды басылтат.

Герандан жасалган дары-дармектер ооруну басуучу, канды калыбына келтирүүчү антисептикалык касиеттерге ээ. Герань майы мурун көңгөйүн тазалап, сасык тумоонун алдын алат. Бул гүлдүн жанында 15 мүнөт отурсаңыз, ал бөлүп чыгарган эфир майлары сизге күч кошору анык.

Каланхоэ

Каланхоэ үй дарыгери аталган бөлмө гүлү. Анын жумшак жана ширелүү жалбырактары жаракаттарды, ириңди, жараларды, бышып кеткен жана ооруксунган жерлерге дары болуп саналат. Каланхоэнин ширеси тонзиллит, гайморит, стоматит, пародонтоз, гинекологиялык ооруларды дарылоодо колдонулат.

Анын ширесин алуу үчүн жалбырагын 5-10 күнгө караңгы бөлмөгө 7 сутка коюп, андан соң, шире өткөргүчтөн өткөрүп алынат. Каланхоэ майынын да дарылык касиеттери бар. Бул гүлдү өстүрүү да абдан оңой, болгону сууну өтө көп куйбоо керек.

Алоэ

Бул гүл көптөгөн жылдардан бери үй дарыгери катары колдонулуп келет. Ал ооруну басуучу, өт айдоочу, антибактериалык, жараттарды айыктыруучу, күйүккө каршы касиеттере ээ. Тамак сиңирүү бездеринин ишин жакшыртып, табитти ачып, организмдин коргоону функциясын жогорулатат.

Алоэ аз кандуулук, күйүк, көздүн начар көрүүсү, ашказан жарасы, бронхалык астма, өнөкөт гастрит, фарингит, ларингит ооруларын, дизентерия белгилерин дарылоодо колдонулуп келген.

Спатифиллум

Бул өсүмдүк “айым бактысы” деп аталат. Ал жеке мамилелерди бекемдөөгө жардам берет. Мындан тышкары, спатифиллум абаны зыяндуу жана оор заттардан (көмүр газы, аммиак, ацетон, бензол ж.б.) тазалайт жана абаны нымдандырат. Өстүрүүгө да абдан жеңил гүлдөрдөн.

Фикус

Фикус көпчүлүк үй кожойкелер сүйүп өстүргөн бөлмө өсүмдүгү. Ал бир катар дарылык касиеттерге ээ. Ошондой эле, аны өстүрүү дагы жеңил. Фикусту бронхит, трахеит, муундардын оорусу, ичеги-карын ооруларына, тиш ооруга, гинекологиялык ооруларды дарылоого, сөөл, гематома жана көктөрдү кетирүүдө колдонуп келишет. Фикус үйдүн энергетикасын тазалап, тынчсыздануулардан арылтат. Мындан тышкары, бул гүл чорду кетирүүгө жардам берет. Ал үчүн 1 фикус жалбырагы жана 50 мл 70% уксус кислотасы керек. Жалбыракты жанчып, уксус менен аралаштырат. Аралашманы даки же кебез менен чорго сүйкөп, пластрь менен чаптап коюу керек. Чор кетпесе, бул процедураны дагы бир нече ирет кайталоо зарыл.

Жогоруда белгиленген бөлмө өсүмдүктөрүнөн тышкары төмөнкү гүлдөр пайдалуу катары эсептелет: драцена, чырмоок; филодендрон, хлорофитум, папоротниктер, хризантемалар, пальмалар.

Пикир

Оставить комментарий