• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстандын үстөл тенниси боюнча ачык биринчилиги өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 17.06.19 /Кабар/. Бишкекте 16-июнь күнү Кыргызстандын үстөл теннис боюнча ачык биринчилигинин алтынчы туру болуп өттү. Бул тууралуу КРнын "Үстөл тенниси" ассоциациясынын машыктыруучусу Алишер Якупбаев билдирди.

Анын айтымында, мелдешке жалпысынан 72 спортчу катышкан. Иш-чара 10 айлампадан туруп, жыйынтыгы декабрь айында чыгарылат. Спортчулар лигаларга бөлүнүп, ойношууда.

Учурда жогорку лигада биринчи болуп Закирян Абдулаев (Чүй облусу), экинчи орунда Михаил Белоглазов (Бишкек) жана үчүнчү орунда Медербек Кудайбергенов (Бишкек) келүүдө.

Кийинки жетинчи тур 1-сентябрь күнү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий