• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия чемпионаты: эркин күрөш боюнча балбандар төрт медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 14.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Казакстандагы Азия чемпионатында жалпы төрт медал жеңди.

Астана шаарында 13-14-апрелде эркин күрөш боюнча таймаш өтүп, кыргыз балбандары бир алтын, бир күмүш жана эки коло медалга ээ болушту:

1-орун — Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг);
2-орун — Алмаз Сманбеков (57 кг);
3-орун — Орозобек Токтомамбетов (70 кг);
3-орун — Улукбек Жолдошбеков (65 кг).

Ал эми жалпы командалык көрсөткүчтө Кыргызстан алтынчы орунга илинди.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өттү.

Пикир

Оставить комментарий