• 88.68
  • 95
  • 0.95

Электрондук документке өтүүдөн быйыл 382 млн сом үнөмдөлдү – Орунбеков

Коом 0

Бишкек, 14.04.23./Кабар/. КРнын мамлекеттик органдарында электрондук документ жүгүртүү тутумун толук ишке киргизүүнүн аркасында республикалык бюджетке 2022-жылы – 322 млн сом, 2023-жылы – 382 млн сом үнөмдөлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Мындан тышкары, документтерди электрондук түрдө иштетүү кагаз түрүндөгү иштетүүгө салыштырмалуу бардык кызматкерлер үчүн 1 документке жалпысынан 30 мүнөткө чейин үнөмдөйт (анын ичинде сканерлөө, көчүрүү, басып чыгаруу жана тең аткаруучуларга көчүрмөлөрдү таратуу, жөнөтүү, кол коюуну күтүү ж.б.).

2022-жылдын маалыматтары боюнча, 3,6 миллион электрондук документ 1,8 миллион кызматкер саатына чейин үнөмдөйт.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылы электрондук документ жүгүртүүдөгү 3,6 миллион документ 36,5 миң таңгак кагазга барабар болуп, анын баасы 14 миллион сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий