• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР муфтийи жалпы кыргызстандыктарды ишембиликке чыгууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 24.03.18 /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев баштаган Муфтият кызматкерлери бүгүн, 24-мартта Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан борбордук мечиттин айланасын жана жол жээктерин тазалашып, таштандыларды чыгарышты.

КМДБ басма сөз кызматы билдиргендей, Азерити Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ар бир жаран өз үйүн кандай таза кармаса коомдук жайларды, мекенди дагы ошондой таза кармашы керектигин билдирди.

«Манадият-тазалыктан башталат дегендей ар жылы жаз айынын башталышы менен жалпы дин кызматкерлери ишембилик өткөрүп, көчөттөрдү отургузабыз. Быйылкы жылы дагы мына минтип жалпыбыз «Тазалык ыймандан» деген ураан алдында ишембиликке чыгып, тазалоо иштерин жүргүзүүдөбүз. Бүгүн мына республикадагы жалпы дин кызматкерлери ишембилик өткөрүүдө. Ушундан улам жалпы элибизди айлана-чөйрөбүздү таза кармоодо ишембиликке чыгууга чакырып кетем»,-деди Азерити Муфтий.

Муну менен катар карылар, балдар үйлөрүндө, көчө бойлорунда, мечиттердин айланаларында тазалоо иштери жүргүзүлүп, таштандылар чыгарылууда. Ал эми Кыргызстан Ислам Университети, Бишкек шаардык казыяттарынын жана шаарга караштуу бардык диний окуу жайлардын мугалимдери ишембиликке активдүү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий