• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бир катар акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясы убактылуу токтотулду

Коом 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы Бишкектеги бир катар акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясын убактылуу токтотту.

Улуттук банктан билдиришкендей, 2023-жылдын 11-октябрынан тартып 20-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:

- Бишкек шаары, Манас проспекти 57, 2-квартира дареги боюнча жайгашкан "УРМАТБЕК" ЖЧК алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-октябрындагы № 6016 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Киев көчөсү 129 дареги боюнча жайгашкан "Батиста" ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 12-июлундагы № 6322 лицензиясы;

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 133 дареги боюнча жайгашкан "ЭЛКАЗЫНА кейджи" ЖЧКалмашуу бюросунун 2023-жылдын 16-мартындагы № 6491 лицензиясы.

Ошондой эле КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2023-жылдын 11-октябрынан тартып "Фикс Кэш" ЖЧК алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 25-мартындагы № 6495 лицензиясы кайтарылып алынды.

Пикир

Оставить комментарий