• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россиядагы кыргыз жарандарынын милдеттүү медкамсыздандыруу полистерин алуусу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу М.Жолдошбеков Россиянын алдыңкы камсыздандыруу медициналык уюмдарынын бири болгон "Капитал медициналык камсыздандыруу" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушууда Москва шаарында жана башка шаарларда жүргөн Кыргызстандын жарандарынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин алуусу боюнча маселелер талкууланды.

Консул эмгек мигранттарынын балдары үчүн аларды мектепке чейинки жана билим берүү мекемелерине кабыл алуу, анын ичинде жаңы төрөлгөн балдарды пландуу текшерүү жана эмдөө боюнча кабыл алууда көрсөтүлгөн полистердин талаптарына жооп берген медициналык тейлөөлөрдү камтыган программаларды пайдалуу шарттарда (төмөн баада) Кыргызстандын жарандары үчүн иштеп чыгууну сунуштады.

Тараптар жогоруда аталган маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти.

Пикир

Оставить комментарий