• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто ичүүчү таза суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 20.06.23./Кабар/. Ошто ичүүчү таза суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүрдү.

Анын жүрүшүндө “Ош шаар суу канал” ишканасынын өкүлдөрү тарабынан шаар ичиндеги көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн жашоочулары ичүүчү таза сууну үй алдындагы бакчаларын суугаруу үчүн өз алдынча орнотуп алышкан 122 суу түтүктөрү кесилип, сарамжалдуу пайдаланбаган тургундарга, мекеме-ишканаларга эскертүүлөр берилип, айрымдарга айып пул салынды.

Текшерүү учурунда 70 үй ээсине, 13 ишканага акт түзүлдү.

“Ош шаар суу канал” ишканасы шаар тургундарын учурдагы климаттык шартка байланыштуу, ичүүчү таза сууну ысырап кылбоого чакырат. Эгер зарылчылык болсо, түнкү саат 24:00дөн баштап, таңкы 5:00гө чейин колдонууну сунуштайт.

Ичүүчү сууну сарамжалсыз пайдалангандарга рейд сентябрь айына чейин, күн сайын өткөрүлөт.

Ош шаардык мэриясы ичүүчү таза сууну килемдерди, унааларды жууганга, жерге чачканга жана турак жайлардын алдындагы бакчаларды суугарууга тыюу салат.

Пикир

Оставить комментарий