• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Атанын Жар-Башы айылындагы жолго асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жар-Башы айылындагы жолго асфальт төшөлдү.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, Жар-Башы айылынын жолуна асфальт төшөө иштери “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылган.

Иштин жыйынтыгы менен таанышууга барган транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, райондун акими Алмазбек Осмонов менен биргеликте айыл аксакалдары жана жашоочулары менен жолугушту.

Жетекчилер жергиликтүү калктын кызыктырган суроолоруна жооп берип, пикир алышкан соң, Жар-Башы айылынан чыккан белгилүү композитор Сардарбек Жумалиев транспорт министри Тилек Текебаевге ак батасын берип, ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң, айылдагы спорт аянтчасынын айланасына көп жылдык көчөттөр отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий