• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдар тууралуу семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Ош шаарында «Зомбулук экстремизмине каршы күрөшүү: концепциялар, программларды иштеп чыгуу жана алдыңкы тажрыйба» - аттуу темада семинар-тренинг болуп өтт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүп келген «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» эл аралык уюмунун колдоосунда ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын, Тергөө кызматынын жана Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине, КРнын Дин иштери мамлекеттик комиссиясы, Юстиция министрилигине караштуу Пробация департаментинин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн.

Семинардын алкагында катышуучуларга “Экстремизмди алдын алууда көп сектордук мамиле: Өкмөттүн жана жарандык коомдун ортосундагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү”, “Диний экстремизмге каршы аракеттенүүнүн негиздери”, “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, «Кылмыштуулукту алдын алууда социалдык жоопкерчилик» - аттуу темалар боюнча атайын даярдалган баяндамаларды, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү диний экстремизм жөнүндө болуп, берилген суроолор боюнча катышуучулар канааттандыраарлык жооп алышты.

Семинар-тренингди өткөрүүдө катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук буклеттер, эстеткичтер таратылып, катышуучулардын санитардык эпидемиялогиялык эреже тартиптерди сактоо максатында маскалар, коргонуучу каражаттар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий