• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 11 бейтап коронавирус илдетинен сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен 11 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 бейтап, амбулатордук түрдө 26 адам дарыланууда.

Стационарларда дарыланып жаткан 3 бейтаптын баарынын абалы оор.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 371 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий