• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыкты (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккан. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт бүгүн, 4-июлда болжол менен саат 10:47де катталган.

Өрт саат 11:05де чектөөгө алынып, 11:38де толугу менен өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүү үчүн жалпысынан 3 бөлүм тартылган. Учурда келтирилген чыгым жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий