• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Мамлекеттик органдар ишкерлерге тоскоолдук жаратпашы тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, бүгүн, 4-июлда, 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында атайы каражаттарды жана түз мамлекеттик инвестицияларды эсепке албаганда, республикалык бюджетке 69,2 млрд сом өлчөмүндөгү каражат түшкөн, же план на 105,6 %га аткарылган. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ресурстар 7,7% га, же 4,9 млрд сомго жогорулаган.

2018-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн республикалык бюджеттин кирешесинини жалпы көлөмү (атайы каражаттарды жана түз мамлекеттик инвестицияларды эсепке албаганда) 55,9 млрд сомду, же бекитилген пландын 105,7% түзгөн. 2017-жылдын көрсөтүлгөн мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 193,2 млн сомго жогорулаган.

Өкмөт башчы белгилегендей, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү жана өлкө жарандарынын алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн белгилүү мамлекеттик органдар мамлекеттик бюджеттин толукталышын тийиштүү деңгээлде камсыздоосу тийиш.

Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, көрсөтүлгөн мезгилдеги салыктык түшүүлөр 49,3 млрд сомду түзүп, план 103,8% аткарылган. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктык түшүүлөрдүн өсүшү 8,0 млрд сомду түзүп, же 19,4% га жогору саналат. Салыктык эмес түшүүлөр 6,5 млрд сомду түзүп, бекитилген пландын 122,2% түзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында салыктык жана салыктык эмес кирешелер 37,5 млрд сом суммасында жыйналып, план 469,0 млн сомго жогору аткарылган. Натыйжада, план 101,3% аткарылган. 2017-жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 3,8 млрд сомго жогорулаган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 20 млрд сом суммасындагы киреше жыйналган, бул пландагыдан 1,7 млрд сомго жогору саналат. Пландын аткарылышы 109,7% түздү. 2017-жылдын көрсөтүлгөн мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 5 млрд сомго жогорулаган.

Премьер-министр фискалдык орган кызматкерлери бизнес өкүлдөрү менен иш алып барууда өз милдеттерин аткарууга ак ниет мамиле кылуусу тийиштигин баса белгиледи.

«Мамлекеттик органдар ишкерлерге тоскоолдук жаратпашы керек. Бизнести өнүктүрүү чоң эмгекти талап кылат, биз алар үчүн тийиштүү шарттарды түзүп, өлкө бюджетинин кирешесин жогорулатуубуз зарыл. Ошол эле учурда өз учурунда төлөм жүргүзбөгөн жактарга катаал чаралар көрүлүшү керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө фискалдык органдардын ишин өркүндөтүүнүн негизги артыкчылыгы катары салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү болуп саналат.

«Салык процедураларын фискалдаштырууну киргизүүнү ыкчамдатуу зарыл, ал атамекендик экономиканын маанилүү бөлүгүн көмүскөдөн алып чыгууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшүнө алып келет, тийиштүү түрдө, социалдык мүнөздөгү көптөгөн маселелерди чечүү мүмкүндүгү пайда болот», – деп белгиледи Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев фискалдык органдарга 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгына карай мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү боюнча бекитилген пландын аткарылышын камсыздоону тапшырды.

Мындан тышкары Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстанда бюджеттин киреше бөлүгүнө киреше алып келе ала турган мамлекеттик бажы терминалдары жок. Буга байланыштуу Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына аталган маселени иликтеп чыгып, тийиштүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий