• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте айыпталуучуларга тагылчу электрондук билериктерди ишке киргизүү маселеси боюнча жыйын өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон жыйында, айып тагылгандарга жана сот процесстерине аралыктан катышкандарга электрондук билерик тагуу аркылуу байкоо жүргүзүү чарасын ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Үстүбүздөгү жылдын май айында министрлер кабинети тарабынан демилгеленген бул тиешелүү мыйзам долбоорун жакында эле Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды.

Жогоруда айтылган алдын алуу чарасынын жаңы түрүн ишке ашыруу үчүн практика жүзүндө колдонууга чараларды иштеп чыгуу зарыл экендиги белгиленди.

Министрлер кабинетинин төрагасы жакынкы аралыкта электрондук байкоо системасын киргизүү жана адамдардын соттук териштирүүлөрдө дистанциялык катышуусунун механизмдерин практикалык ишке ашыруу боюнча чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эки мекемелер аралык жумушчу топту түзүүнү тапшырды.

Акылбек Жапаров жакынкы айларда пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну баштоо керектигин белгиледи.


Маалымат үчүн: “Электрондук байкоо” алдын алуу чарасынын жаңы түрүн (электрондук билериктер жана башка ушул сыяктуу электрондук каражаттар) киргизүү төмөндөгү ишкерде жардамы тиет: сот тарабынан акталган учурда мыйзамсыз кармоонун кесепеттерин минималдаштырууга; үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан иштер боюнча коргоону камсыз кылууда; аралыктан жана дайыма байкоо жүргүзүүдө сот адилеттигин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга; пенитенциардык мекемелерди каржылоодо бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруу.

Соттук отурумдарга аралыктан катышуу мүмкүнчүлүгүн (видео-конференц-байланыш форматында) берүү боюнча ченемди киргизүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет: айыпталуучуларга жагдайларга карабастан соттук отурумдарда жазык иштерин кароо укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берүүгө; процессуалдык эрежелерге ылайык сот органдары тарабынан жазык иштерин кароо мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылууга; айыпталуучуну сот залдарына чейин коштоону уюштурууга кеткен бюджеттик чыгымдарды кыскартуу.

Пикир

Оставить комментарий