• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы жылдык майрам күндөрү энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Коом 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын энергетиктери майрам күндөрү өз жумуш ордуларында күчөтүлгөн режимде иштешет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришт.

Жаңы жылдык майрам күндөрү ишкананын борбордук аппаратынын жетекчилиги, бардык филиалдардын жетекчилери, ошондой эле "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын жооптуу адистеринин нөөмөтү уюштурулат.

Энергетикалык объектилерди коргоо боюнча чаралар күчөтүлөт. Ыкчам топ жогорку даярдыктагы режимге өткөрүлүп, электр тармактарынын жабдууларын көзөмөлдөө күчөтүлдү. Ошондой эле, байланыш каналдарынын, телемеханиканын ведомстволук объектилер менен, анын ичинде мобилдик байланыш менен ишенимдүү иштөөсү текшерилет.

Штаттан тышкаркы кырдаалдар учурунда авариялык-оңдоо запасы ыкчам жоюу схемасын иштеп чыгуу менен даярдалган. Бардык оңдоо бригадалары зарыл запастык бөлүктөр менен камсыз болгон.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК электр энергиясын пайдалануу жана электр коопсуздугу эрежелерин эскертет:

  • бир эле учурда бир нече шайманды бир розеткага сайбаңыз - бул электр кубатын ашыкча жүктөөгө жана кыска туташууга алып келиши мүмкүн;
  • сертификатталган электрогирлянддарды гана колдонуңуз, үйдөн чыгып же уктаар алдында аларды күйгүзбөңүз;
  • электр шаймандарын өз алдынча оңдоо менен алектенбеңиз, сөзсүз түрдө атайын адис чакырыңыз;
  • фейерверктерди электр чубалгыларынын астында эмес, 25 м аралыкта жардыруу керек, анткени бул авариялык абалга же болбосо зымдын үзүлүшүнө алып келиши мүмкүн;
  • асылып турган же жерде жаткан үзүлгөн зымга 8-10 метрге жакын жолобоңуз.

Электр энергиясына байланыштуу маселелери боюнча күнү-түнү жана дем алышсыз иштеген 105, 1209 сурап билүү байланыш-борборуна кайрылыңыздар.

Пикир

Оставить комментарий