• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жыл ичинде 20 миң гектардан ашык жер трансформацияланган

Коом 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Жыл башынан тарта министрлер кабинетинин чечимдери менен жалпысынан 20 миң 291,14 гектар жер которулду (трансформацияланган). Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, анын ичинен:

  • калкту конуштарга 302,82 га;
  • логистикалык борборлорго 14,37 га;
  • дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплекстерине 46,13 га;
  • пляждык аймакка 14,8 га;
  • застава 200,0 га;
  • инвестициялык долбоорлорго 19437,0 га;
  • энергиянын кайра жаралуучу булактарына 124,0 га;
  • өнөр жай объектилерине 152,02 га.

Пикир

Оставить комментарий