• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соң-Көл көлүнөн 9 балык уулоочу тор алынды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Соң-Көл көлүндө браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддер жүрдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Рейдге “Сон-Көл балык чарбасы” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун, «Ак илбирс» экофондунун кызматкерлери жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Жыйынтыгында 9 даана балык уулоочу торлор тартылып алынып, кармалган жарандарга карата жеринде тиешелүү протоколдор түзүлүп, айыппул салынды.

Пикир

Оставить комментарий