• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда эки миңге жакын чет өлкөлүк жаран "Санариптик көчмөн" макамын алды

Коом 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда 1 миң 975 чет өлкөлүк жаранга "Санариптик көчмөн" (Digital nomad) макамы берилди. Пилоттук долбоор 2022-жылдын 29-сентябрынан тарта ишке ашырылууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Бул макамды алууга анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш алып барган чет элдик адистер укуктуу.

“Санариптик көчмөн” макамына арызды Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия Федерациясынын жарандары бере алышат.

"«Санариптик көчмөн" макамын алуучу 1 жылга иштөөгө уруксат алуудан, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат, автоматтык түрдө ПИН-кодду алат, ошондой эле Юстиция министрлигинде жана Салык кызматында жөнөкөлөтүлгөн тартипте мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алат.

Пикир

Оставить комментарий