• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги көп кабаттуу үйгө жанаша казылган котлован. Мамкурулуш үн катты

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Бишкектин тургуну социалдык тармактарда курулуш нормаларын бузуу менен көп кабаттуу үйгө жанаша котлован казылып жаткандыгын айтып арызданган.

Facebook колдонуучусу Айгүл Умирбекова Сыдыков көчөсү, 131 дарегиндеги турак үйдүн жанында көп катмарлуу унаа токтоочу жайы менен 12 кабаттуу соода борбору курулуп жаткандыгын жазган.

Ал курулуш жүрүп жаткан жерден сүрөттөрдү жарыялаган. Анда көп кабаттуу үйдүн пайдубалынын бир бөлүгү сыртка чыгып, үйгө коркунуч келгендигин көрүнүп турат.

“Кабар” агенттиги курулуш боюнча Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине (Мамкурулуш) кайрылып, төмөнкүдөй жооп алды:

“Объектти жана анын долбоорун изилдөөнүн жана текшерүүнүн натыйжасында котлованды иштеп чыгууда курулуш нормалары сакталбагандыгы аныкталды. Белгилей кетсек, объектте Бишкек шаары боюнча ӨКМ башкармалыгынын тарабынан берилген өрт-техникалык эскпертиза боюнча долбоордук документтердин өрткө каршы талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө корутундусу бар жана 2022-жылдын 7-сентябрында №15889 АШК берилген. Долбоордук документтер 2022-жылдын 4-ноябрында “Бишкекбашкыархитектура” ММ жана 2022-жылдын 23-декбарында Бишкек шаары боюнча ӨКМ башкармалыгы менен макулдашылган.

Курулуш Мамлекеттик экспертиза департаменти тарабынан берилген оң корутундуга ылайык башталган. Объект Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контролдоо башкармалыгында катталган.

2023-жылдын 2-февралында курамында Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери, «Бишкекбашкыархитектура» ММ өкүлү болгон комиссия долбоордун авторунун жана объекттин подрядчысынын катышуусунда 2-февралдан тартып объекттин курулуш-монтаждоо иштерин фундаментти бекемдөө иштерине чейин токтотуу жөнүндө аткарылган иштердин ылайыксыздыгы жөнүндө акт түзгөн.

Белгилей кетсек, объектте автордук жана техникалык көзөмөлдүн өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролунун инспектору тиешелүү көзөмөл жүргүзүүдө”.

Пикир

Оставить комментарий