• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Катар кайрымдуулук коому КР Саламаттыкты сактоо министрлигине 3 тез жардам арабасын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 20-май / Кабар/. Катар кайрымдуулук коому КР Саламаттыкты сактоо министрлигине 3 тез жардам арабасын тапшырды. Тез жардам арабасын тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин, Катар кайрымдуулук коомунун Кыргызстандагы мүдүрү Мустафа Ассибтий, Катар кайрымдуулук коомунун Катардагы өкүлү Халид Вакил, Катар кайрымдуулук коомунун Кыргызстандагы мүдүрүнүн орун басары Нуралиев Марат жана сыйлуу коноктор катышышты, Бул тууралуу Катар кайрымдуулук коомунун пресс-кызматы билдирди.

Жогорудагы 3 тез жардам арабалары Катар мамлекетинин «Бир жүрөк» аттуу прогрраммасынын алкагында ишке ашты, алардын бири, май айында жер титирөөдөн жабыркаган Ош облустуна караштуу Чоң – Алай районуна тапшырылды, ал эми экинчиси тоолуу Ала – Бука районуна берилсе, үчүнчүсү Чүй облусуна караштуу Карл-Маркс айылына тапшырылды.

КР Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өзүнүн сөзүндө Катар кайрымдуулук коомуна терең ыраазычылык билдирип мындан ары кызматташтыкты тереңдетүүгө чакырды.

Ал эми Катар кайрымдуулук коомунун Катардагы өкүлү Халид Вакил өзүнүн сөзүндө, Катар кайрымдуулук коому Кыргызстанда 15- майда расмий катталгандыгын жарыялады, жана Катар кайрымдуулук коому КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кызматташуу меморандумуна кол коюга даяр экендигин билдирип, Кыргызстанда социалдык тармактарды өнүктүрүгө жардам көрсөтөрүн айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий