• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө мурда соттолгондор арасында рейд өтүп, 15 кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Ысык-Көл районунда мурда соттолгондор арасында рейд өтүп, 15 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облстук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө райондук милициянын каттоосунда турган мурда соттолгон, өзгөчө оор кылмыштары үчүн мыйзам жообуна тартылып, камактагы мөөнөтүн өтөп келген жарандар өтө кылдаттык менен текшерилди.

Милиция кызматкерлери алардын турмушу жана жашоо шарттары менен таанышып, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Төрт күндүк алдын алуу иш-чарасынын жыйынтыгында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда жасалган 15 кылмыштын бети ачылып, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан 4 кылмыштын бети ачылган. Ошондой эле соттон жана тергөөдөн жашырынып жүргөн 3 кылмышкер кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий