• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Панфилов мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына белектер тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Жаңы жылды утурлай Тышкы иштер министрлигинде К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын тарбиялануучуларынын катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарада ТИМ башчысынын орун басары Алмаз Имангазиев мектеп-интернатынын окуучуларын жана анын жетекчилигин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга ден соолук жана ийгилик каалап кетти.

Имангазиев Тышкы иштер министрлиги көп жылдардан бери Панфилов мектеби менен тыгыз байланышта болуп, окуу жайынын көйгөйлөрү менен муктаждыктарын жабууга кол кабыш кылып келерин белгиледи.

Мамлекеттин башкы милдеттеринин бири кыргызстандыктардын келечек муундарын ар тараптан колдоо жана өнүктүрүү экенин баса белгилөө менен, министрдин орун басары балдарга Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тарабынан демөөрчүлүк жардам катары берилген 2 iPad электрондук түзүлүш түрүндөгү баалуу белектерди тапшырды. Мындан тышкары, жаңы жылдын урматына балдарга баалуу белектер жана 24 кутудагы ар кандай таттуулар берилди.

Министрдин орун басары мектеп-интернаттын директору Б.Алымбековго жана мугалимдер жамаатына ардактуу педагогикалык ишмердиги жана балдарга болгон камкордугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде интернаттын директору жана тарбиялануучулары ТИМге ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, келе жаткан жаңы жыл менен куттукташты.

Иш-чаранын соңунда министрликтин кызматкерлери балдар үчүн министрликте экскурсия өткөрүп, эмгек жамааты менен тааныштырып, дипломатиялык тармактагы иштин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Белгилей кетсек, учурда К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатында 220 бала окуйт. Тышкы иштер министрлиги 2012-жылы аталган мекемени шефтикке алып, ошондон бери анын тарбиялануучуларына колдоо көрсөтүп келе жатканын белгилей кетүү зарыл. Министрлик тарабынан кайрымдуулук иштери үзгүлтүксүз түрдө өткөрүлүп турат жана келечекте дагы улантылат.

Пикир

Оставить комментарий