• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам УКМК төрагасынын уулу менен таанышмын деп коркуткан

Коом 0


Бишкек, 22.07.23. /Кабар/. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги "Актилек-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 22-июлда болжол менен саат 02:30дар чамасында "Актилек-автодорожный" өткөрүү пункту аркылуу "Тойота Лэнд Крузер" үлгүсүндөгү унаа чек ара сызыгына баш ийбей, каршы тилкеде өткөрүү пунктунун аймагынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган.

Көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө "Тойота Лэнд Крузер" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Кыргызстандын жараны С.А.Э. токтотулган.

УКМКнын маалыматына ылайык, кармоо учурунда С.А.Э. аттуу жаран жоопкерчиликтен качуу максатында,аскер кызматкерлерин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевдин таанышы болом деп коркуткан.

УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында С.А.Э. аттуу жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин "КР Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ал эми кармалган жаран УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий