• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКККББ: Коопсуздукту камсыз кылуу максатында Ысык-Көлгө бараткан унаалар текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдү көздөй бара жаткан унаалар текшерилүүдө, мас айдоочуларга каттуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дем алыш күндөрүнө карабай ЖККББнын борбордук аппаратынын өздүк курамы Бишкек - Чолпон-Ата унаа жолунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Белгиленгендей, дем алыш күндөрү унаалардын агымы көп болгондуктан, жол тыгындары пайда болушу мүмкүн экендиги, ошондой эле мас абалында унаа башкаргандар, каршы тилкеге чыгып, каттуу ылдамдыкта айдашып, башка жол кыймылынын катышуучуларына да тоскоолдуктарды жараткан фактылар кездешүүдө.

Буга байланыштуу ЖКККББнын кызматкерлери керектүү учурларда айдоочуларды токтотуп, профилактика иретинде түшүндүрүү жана текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө. Мындан тышкары, айдоочуларга жана туристтерге атайын даярдалган жол эрежелери боюнча эскертме буклеттерин таратышууда. Ал эми кечкисин жол кырсыктарына жана жол тыгындарына жол бербөө максатында жол тыгындарын жөнгө салышууда.

Пикир

Оставить комментарий