• 88.68
  • 95
  • 0.95

28-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрда күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 17…22, Таласта 15…20, Ысык-Көл облусунда күндүз 15...20, Нарын 16…21 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда күндүз 21…26 градуска чейин жылуу болот.

​Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы күндүз 20…22 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий