• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы жана башкы эсепчиси пара алууга шектелип кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчилери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын декабрында ИИМдин Тергөө кызматына Чүй облусунун тургуну арыз менен кайрылып, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчилерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

2021-жылдын январь айында алар өздөрүнүн кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, 4 сотых жер тилкесин берүү үчүн 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары талап кылышкан. Бирок алар акчаны алгандан кийин өздөрүнүн милдеттемелерин аткарган эмес.

Бул фактыны ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгынын кызматкерлери текшеришип, алынган маалыматтар тастыкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Ири өлчөмдө пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 12-декабрында ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгынын жана ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, буга чейин алган паранын бир аз бөлүгүн 40 миң сомду кайтарып берип жаткан жеринен Аламүдүн районунун айыл өкмөт башчысы менен башкы бухгалтери кармалган.

Азыркы учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий