• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Сууда жөө адамды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Кара-Сууда жөө адамды өлтүрө сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-майда саат 21:30 чамасында Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Бишкек-Ош унаа жолунда тактап айтканда Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында, Бишкек-Ош авто жолунун 665 чакырымында Кара-Суу районунун жашоочусу 34 жаштагы Ж.К. аттуу жарандын жол кырсыгына кабылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлүп, жол кырсыгына учураган Кара-Суу районунун тургуну 1988-жылы туулган Ж. К. экендиги аныкталып, анын жансыз денеси Ош шаардык моргко жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу РИИБдин Ош ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ваз 21-07 автоунасы кармалган.

Аталган автоунаада жүргүнчү катары бара жаткан күбөлөр суралып, алардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде Кара-Суу районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну 1983-жылы туулган А. А. аттуу жаран шектүү катары кармалган.

Учурда Ваз 21-07 автоунасы айып автоунааларды кармоочу жайга киргизилип, жол кырсыгы боюнча соттук автотехникалык экспертиза, соттук медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий