• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол белгилерин орнотуу, жол сызыктарын чийүү, жолдорду жамоо жана борбор калааны көрктөндүрүү боюнча иштерди алып барууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Бишкектин Лев Толстой көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Т.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле Ч.Айтматов проспектисинин мамлекеттик резиденциядан Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол бордюрларын сырдоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин ишкана тарабынан Абдрахманов көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Совет чолок көчөсүнө чейинки (жолдун чыгыш тарабы) жана Горький көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде чуңкурларды жамоо иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий