• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Нооруз – 2023: Көк бөрү оюну боюнча экинчи күндүн жыйынтыгы

Спорт 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Аккула ат майданында 14-март күнү Нооруз – 2023 элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин экинчи күнү жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, оюн талаасында жогорку лига жана 40 жаштан өйдө курама командалары беттешти.

Экинчи күндүн жыйынтыгы:

"Теңир-Тоо" жана "Сары-Өзөн Чүй" 0:12 (40 жаш);
"Жалал-Абад" жана "Жети дубан"0:6 (40 жаш);
"Сары-Өзөн" жана "Ак-Шумкар" 15:9 (жогорку лига);
"Сары-Өзөн Бишкек" жана "Талас"1:10 (40 жаш);
"Ош шаары" жана "Суусамыр" 8:2 (40 жаш).

Бүгүн, 15-марттагы оюндардын тизмеси:

10:00-10:55 "Кетмен-төбө" жана "Аккула" (2-лига);
11:00-11:55 "Талас шаары" жана "Тянь-Шань" (2-лига);
12:00-12:55 "Сокулук" жана "Ак-Илбирс" (2-лига);
13:00-13:55 "Достук" жана "Мурас" (жогорку лига);
14:30-15:25 "Сары-Өзөн" жана "Ош шаары" (40 жаш);
15:30-16:25 "Талас" жана "Жети дубан".

Пикир

Оставить комментарий