• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы старт алды

Экономика 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы старт алды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумалык 15-марттан 25-мартка чейин "Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр" деген ураан астында өтөт.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Улуттук банкы, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды жана тренингдерди өткөрөт.

Мындан тышкары, социалдык тармактарда #GMW2023kg хештеги менен жайгаштырылган экскурсияларды, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрүн, балдардын сүрөттөрү, кол өнөрчүлүгү, видеороликтери боюнча улуттук сынактарды жана башка ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

Ошондой эле, 2023-жылдын 15-мартынан тартып Улуттук банк тарабынан German Sparkassenstiftung менен биргеликте «Топто» финансылык сабаттуулук боюнча оюну башталат. Мектеп курагындагы балдар жана эресеге жеткендер үчүн арналган оюндун максаты – жеке жана үй-бүлөлүк бюджеттерди башкаруу көндүмдөрүнө ээ болуу. Оюнга бардык каалоочулар https\\topto.kg шилтеме аркылуу өтүп, катыша алышат.

Маалымат үчүн: Глобалдуу акча жумалыгы (Global Money Week) – бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания.

Пикир

Оставить комментарий