• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Кытай ветеринария тармагында кызматташат

Өкмөт 0

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Бүгүн, 7-июлда, Кыргызстан менен Кытайдын айыл чарба жана ветеринария тармагында кызматташтыгы жөнүндөгү эки тараптуу төрт документке кол коюлду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш чара Өкмөт Үйүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг менен жолугушуусунун алкагында өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу алча жемиштерине карата фитосанитардык талаптар тууралуу протокол.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандын аймагынан Кытайга чыгарылган жылкы тобуна карата карантиндик-санитардык талаптар тууралуу протокол.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандын аймагынан Кытайга чыгарылган жылкы тобундагы союлган жандыктарга карантиндик-санитардык талаптар тууралуу протокол .

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы ветеринария жана фитосанитария тармагындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу протокол.

Кыргыз тараптан документтерге Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий