• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте кызамыкка каршы эмделбеген окуучулардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Бишкекте кызамыкка каршы эмделбеген окуучулардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, №64, 20, 62 мектептердин окуучуларынын ата-энелери менен жыйын өтүп, анда Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун адистери Бишкек шаарында кызамык оорусу боюнча учурдагы жагымсыз эпидемиологиялык абал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бишкек шаарында 2023-жылы 2307 кызамык оорусу катталса, 2024-жылдын акыркы 2 айында 1072 учур катталды.

Жыйындын жыйынтыгында саламаттык сактоо органдарынын, билим берүү уюмдарынын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын , кварталдык жана үй комитеттеринин биргелешкен иш-аракеттерин балдарды кызылчага каршы эмдөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү балдарда активдүү иммунитетти түзүү ыкмасы чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий