• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто жаранды опузалап, ири суммадагы акча талап кылгандар кармалды

Коом 0

Бишкек, 20.11.23 /Кабар/. Ошто жарандан ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер органдарына кылмыш дүйнөсүнүн адамдары тарабынан укукка каршы аракеттер жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Ушул жылдын сентябрь айынын ортосунда Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургунунун үйүнө бейтааныш адамдар "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаа менен келишип, күч колдонуп унаага отургузушуп, адамдар жок жерге алып келишкен. Ал жерден карыз экендигин айтышып, аны төлөбөсө үйүн каттатып берүүнү опузалап талап кылышкан. Жабырлануучу өзүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу жагдай жаралганын сезип, 20 миң сом акчасын берүүгө макул болгон.

Бул факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери кылмыш ишине шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1978-жылы туулган Ж.А., Ош шаарынын тургуну 1986-жылы туулган А.уулу С. кармашты.

Алар мурда бир нече жолу соттолушкан жана кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн арасында кадыр-баркка ээ. Алардын бирөөсүнүн "Профессор" каймана аты бар жана криминалдык төбөлдүн түштүктөгү оң колу (кеңешчиси) болгон. Кармалган жарандар Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайын киргизилишти.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий